«1 млн сом зыяндын ордун толтурду». Жүрөк хирургиясы институтунун директору үй камагына чыкты

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Таалайбек Кудайбердиев үй камагына чыкты. Башкы прокуратурадан ал 1 миллион сомдон ашык зыяндын ордун толтуруп бергенин билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кудайбердиев 14-февралда кармалган. Ага карата «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, уурдоо» жана «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон.

Көзөмөл орган оорукананы текшерип, Кудайбердиевдин аракетинен мамлекетке 1 миллион 97 миң сом зыян келтирилгенин эсептеп чыгышкан.

Ал эми 16-февралда сот аны үй камагына чыгарган. Анткени тергөөнүн жыйынтыгында Кудайбердиев келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтуруп берген.

Анын иши 20-февралда Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн — учурда кылмыш иши соттун кароосунда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кудайбердиев 16-февралда өз ыктыяры менен илимий-изилдөө институтунун директорлук кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. Ал бул кызматта 2021-жылдын июнь айынан бери иштеп келген.

Автору: Айгерим Белек кызы