Башына баштык кийгизишкен. Бишкекте милиционерлер кармалган адамды кыйнаганы айтылды

Бишкектин Октябрь РИИБнин кызматкерлери кармалган адамга кылмышты мойнуна алдыруу үчүн аны кыйнашкан деп айыпталышууда. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, И.С. аттуу жаран 22-февралда милиция кармап кеткенин айтып берген. Анын айтымында, ал кылмыш кылганын дароо мойнуна алган, бирок ага карабастан милиция кызматкерлери аны токмоктоп, андан кийин башка дагы кылмыштарды мойнуна илүү үчүн башына баштык кийгизип кыйнашкан.

Укук коргоочулар кыйноонун издерин документтештирип, Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасына арыз жазышты.

Материал жарык көрүп жатканда РИИБдин жана прокуратуранын кызматкерлеринен комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.