Бишкек: Милиция 17 жашар кызды зордуктоого шектелген ЖОЖдун мугалимин суракка алды

Бишкекте жогорку окуу жайлардын биринин мугалими 17 жашар кыздын зордукталышы боюнча түшкөн арызга байланыштуу сурак берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, 28-февралда аларга педагогго карата чара көрүүнү суранып бир шаар тургуну кайрылган. Арыз ээси педагог 2022-жылдын сентябрынан тартып азыркы учурга чейин күйөөсүнүн жашы жете элек карындашы менен жыныстык катнашта болуп келе жатканын айтып берген.

Арыз ээси акыркы жолу педагог кыз менен анын эркине каршы Орто-Сай айылынан алыс эмес жерде жыныстык катнашта болгонун кошумчалаган.

Арыз түшкөндөн кийин 44 жаштагы шектүү киши тергөө кызматына алып келинип, суракка алынган. Иштин материалдары Чүй облусунун Аламүдүн РИИБне өткөрүлүп берилип, учурда тергөөгө чейинки текшерүү башталып, экспертиза дайындалды.