Депутат ымыркайы менен абакта отурган аялга ырайым кылууну суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов эмчектеги баласы менен темир тор артында отурган Аида Исаковага ырайымдык кылып, жардам берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин 1-марттагы жыйынында айтты.

«Мамлекет жактан карызын жапканга жардамдашып [койсок]. Бизде аялдарды дайыма сыйлап келген. Адашпаган адам жок, ырайымдык кылып берсеңиздер», — деди ал төрага Нурланбек Шакиев менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып.

Буга чейин, 28-февралда, адвокат Замир Жоошев фейсбук барагында сот залындагы темир тор артында эмчектеги баласы менен отурган аялдын сүрөтүн жарыялаган.

Ал 35 жаштагы Аида Исакова экени айтылган. Ал «Дордой» базарында иштеп жүрүп бир жарандан жылдык 144% үстөгү менен карыз алганы маалымдалган. Бирок карызын толук төлөй албай кош бойлуулугуна карабастан ТИЗОго түшүп калган.

2022-жылдын декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Бирок жактоочу тарап райсоттун чечимине Бишкек шаардык сотунда даттанган.

«Бул мыйзамсыз, анткени судья Акылбек Адимов жаза мөөнөтүн жылдырып, баласы 14 жашка чыкмайын камакка албашы керек болчу», — деген Жоошев 2-февралда шаардык соттогу отурумдан кийин.

Анын айтымында, аял 15-февралда төрөт үйүндө кайтаруу менен көз жарып, андан соң кайра ТИЗОго жеткирилген.

Бишкек шаардык соту бул иш боюнча 2-мартта өкүм чыгарат деп күтүлүүдө. 28-февраль күнү сотто жабыркаган тараптын сөздөрү уктурулган.

Жоошев айыпталуучунун үйүндө дагы алты кичинекей баласы бар экенин айтып, акыйкат чечим күтөөрүн кошумчалаган.

Учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, боюнда бар жана улгайган адамдарды камакка алууга болбойт.

2023-жылдын башында депутат Дастан Бекешев кош бойлуу аялдарды жана улгайган адамдарды камакка алууга тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеген. Мындай норманы эл өкүлү Жазык-процессуалдык кодексине киргизүүнү сунуштап жатат.