Депутат Бекешев кош бойлуу аялдарды жана улгайган адамдарды камакка алууга тыюу салууну сунуштады

Парламент депутаты Дастан Бекешев Жазык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоорунда кош бойлуу аялдарды жана улгайган адамдарды камакка алууга тыюу салуу каралган. Документ коомдук талкууга 13-январда чыгарылды.

Мыйзам долбоорунда Бекешев элүү беш жаштан ашкан аялдарды, алтымыш жаштан ашкан эркектерди жана кош бойлуу аялдарды камакка алууга тыюу салууну сунуштады.

Ошону менен бирге бул өзгөрүүлөр тергөө органдарынан жана соттон жашырынууга аракет кылган, ошондой эле өзгөчө оор кылмышты жасоого шектүү жарандарга карата колдонулбайт.

Документтин маалымкат негиздемесинде мыйзам долбоору улгайган жарандар жана кош бойлуу аялдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн гумандаштыруу максатында иштелип чыкканы айтылат.

«Тергөө изоляторлорунда кармоонун шарттарын эске ала турган болсок, улгайган адамдарга жана кош бойлуу аялдарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу кыйноо катары каралышы мүмкүн. Анткени тергөө изоляторлорунда кармоонун шарттары эл аралык стандарттарга жооп бербейт жана жогоруда аталган адамдар ошол жерде кармала турган болсо, алардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирилиши мүмкүн. Мындан тышкары, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же тергөө органдарынан жана соттон жашырынууга аракет кылган адамдарга карата колдонулууга тийиш. Ал эми жашы улгайган адамдардын жана кош бойлуу аялдардын тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө тоскоолдук кылганга жана тергөө органдарынан жана соттон жашырынууга мүмкүнчүлүктөрү объективдүү түрдө чектелген», — деп белгиледи эл өкүлү.

Кыргызстанда жашы улгайган адамдар камалган учурлар аз эмес. Акыркы айларда Кемпир-Абад иши боюнча кармоолор резонанс жаратты. Аталган иш боюнча кармалгандардын арасында парламенттин экс-депутаты Асия Сасыкбаева (71 жашта), БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева (63 жашта) да бар. Экөө тең 2022-жылдын октябрынан бери ТИЗО-1де кармалып турат.

Кармалгандардын баарына «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен кине коюлуп жатат. Кармалгандардын дээрлик бардыгын сот Бишкектеги ТИЗО-1ге киргизген.

Алардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.