Бир кадр менен: Алдамчылык үчүн соттолгон аял эмчектеги баласы менен темир тордо

Адвокат Замир Жоошев Фейсбук барагында сот залындагы темир тор артында эмчектеги баласы менен отурган аялдын сүрөтүн жарыялады. Ал 35 жаштагы Аида Исакова. Аялды биринчи инстанциянын соту кош бойлуу кезинде алчамчылык үчүн 6 жылга кескен.

Эмчектеги баласы менен тор артында отурган аял. Сүрөт: Замир Жоошев.

Мурдараак аталган аял «Дордой» базарында иштеп жүрүп дагы бир аялдан жылдыгы 144% үстөгү менен карыз алганы маалымдалган. Бирок карызын толук төлөй албай кош бойлуулугуна карабастан ТИЗОго түшүп калган. Өткөн жылдын декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Бирок жактоочу тарап райсоттун чечимин Бишкек шаардык сотунда даттанган.

«Бул мыйзамсыз, анткени судья Акылбек Адимов жаза мөөнөтүн жылдырып, баласы 14 жашка чыкмайын камакка албашы керек болчу», — деген Жоошев 2-февралда шаардык соттогу отурумдан кийин.

Анын айтымында, аял 15-февралда төрөт үйүндө кайтаруу менен көз жарып, андан соң кайра ТИЗОго жеткирилген.

Бишкек шаардык соту бул иш боюнча 2-мартта өкүм чыгарат деп күтүлүүдө. Бүгүн болсо сотто жабыркаган тараптын сөздөрү уктурулду.

«Үйүндө дагы алты кичинекей баласы бар […] Шаардык соттун судьялар коллегиясы акыйкат чечим чыгарат деп үмүттөнөбүз», — деп кошумчалады Жоошев.

Учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, боюнда бар жана улгайган адамдарды камакка алууга болбойт.

2023-жылдын башында депутат Дастан Бекешев кош бойлуу аялдарды жана улгайган адамдарды камакка алууга тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеген. Мындай норманы эл өкүлү Жазык-процессуалдык кодексине киргизүүнү сунуштап жатат.