Караколдо Сот адилеттик үйү ачылды — анда үч сот жайгашты

Президент Садыр Жапаров Каракол шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты. Бул имаратта Ысык-Көл облустук, Каракол шаардык жана Ысык-Көл административдик соту жайгашты.

Мындай Сот адилеттик үйү Кыргызстандын сот системасынын тарыхында биринчи жолу ачылып жатканы белгиленди.

Буга чейин имарат чек арачы аскерлердин 500 орундуу казармасы катары пайдаланылып келген. 2021-жылдын сентябрында Сот адилеттик үйү болору айтылып, капиталдык оңдоо иштери башталган. Имарат 5 кабаттан турат, лифт иштейт, ошондой эле айыпталуучулар кармалчу изолятору бар.

Имараттын ачылышында сөз сүйлөп жатып президент бул Сот адилеттиги үйүнө сот тутумундагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн башаты болот деген чоң үмүт артылып турганын белгиледи.

«50 жыл өткөндөн кийин бүгүнкү күндө имаратка жаңы дем берилип [...] Өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү эске алуу менен мамлекеттин ар бир мүлкүн натыйжалуу пайдаланууну туура таап олтурабыз. Бир катар соттордун бир жерде жайгашуусу менен, курьердик иштерге байланыштуу, убакыт менен каражат чыгымдары кыйла үнөмдөлүп, “бирдиктүү терезе” принциби аркылуу ыңгайлуу шарттар түзүлөт», — деп айтты президент.

Сот адилеттик үйүнүн отурумдар өтүүчү залдары сот процессинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү жабдыктар менен жабдылганы белгиленди.

Президенттин басма сөз кызматынан Ысык-Көл облусунун үч сотунун эски имараттары бош калбай турганын кошумчалашты.

Садыр Жапаров Ысык-Көл администраивдик сотунун имаратын Салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын пайдалануусуна берүү тапшырмасын берди. Ал эми Каракол шаардык сотунун имараты, мурдагыдай кайра бала бакча калыбына келтирилет. Ысык-Көл облустук сотунун эски имаратына болсо, Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы, Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун сот аткаруучулар кызматынын түзүмдөрү көчүп барды.

«Sputnik Кыргызстан» басылмасынын маалыматына ылайык, бардык облустук борборлордо Сот адилеттик үйлөрүн куруу пландалууда.

2019-жылы Сот адилеттик үйү Бишкекте курулары айтылган. Анда биринчи жана экинчи инстанциянын судьялары, ошондой эле Соттук парламент жайгашышы керек болчу. Бирок бул демилге ишке ашырылган эмес.