Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул 15 миң сомго чейин көтөрүлдү

Жол эрежесин сактабаган айдоочуларга айып пул 15 000 сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККБсынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

Ал мындай чечим мамбюджетти толтуруу үчүн эмес, жолдогу коопсуздукту жакшыртуу үчүн кабыл алынды деп ишендирди.

Маалыматка ылайык, айып пулдардын өлчөмү төмөнкүдөй өзгөргөн:

  • Айдоочулук күбөлүгү жок айдагандарга 5500 сом болсо, эми 15 000 сом. Арзандатуу каралган эмес;
  • Светофордун кызыл түсү жанып турганда айдап өтүү же тротуардан айдоо 3000 сом болсо, эми 5000 сом;
  • 40-60км/сааттан ашыруу мурда 5500 сом болсо, эми 7500 сом;
  • 60км/сааттан ашыруу мурда 7500 сом болсо, эми 15 000 сом;
  • Карама-каршы тилкеге өтүү 5500 сом болсо, эми 15 000 сом;
  • Жолдо бейбаштык кылуу 7500 сом болсо, эми 15 000 сом. Кайталап эреже бузса айдоочулук күбөлүгү 6 айга жокко чыгарылат;
  • Айдоочу кырсык болгон жерден качып кетсе, 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;
  • Ошондой эле 70%га арзандатылган айып пулдарды бир айдын ичинде төлөсө болот (мурун 15 күн болчу);
  • Айдоочу 3 жолу жол эрежесин бузса айдоочулук күбөлүккө кайталап экзамен тапшыруу керек;
  • Буга чейин айдоочулар айып пулду 10 000 сомго чейин чогултуп төлөсө, эми 3000 сомдон ашпоосу керек. «Укук бузуу кодексинин» акыркы өзгөртүүлөрүнө ылайык, айдоочу бардык транспортту башкаруудан четтетилет жана унаасы айып короосуна жайгаштырылат;
  • Жасалма номер менен транспорт башкаруу үчүн буга чейин 15 000 сом болсо, эми 20 000 сом. Мыйзам бузуу кайталанса айдоочу күбөлүктөн ажырап, унаа айдоо мүмкүнчүлүгүнөн четтетилет.

Буга чейин, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 8-марттан тарта мас абалда унаа башкарган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратыларын билдирген.

Эгер мас абалда туруп, айдоочулук күбөлүгү жок болсо, үч суткага чейин камакка алынары айтылган.

Автору: Айгерим Белек кызы

Редактор: Рустам Турсунбеков

ТЕМА БОЮНЧА:

Марттан баштап мас абалда унаа айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратыла баштайт