Марттан баштап мас абалда унаа айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратыла баштайт

Өлкөдө 8-марттан тарта мас абалда унаа башкарган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Бул тууралуу 24-февралда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда мас абалда унаа башкаргандар айып пулга жыгылып, коомдук иштерге тартылса, эми бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Эгер мас абалда туруп, айдоочулук күбөлүгү жок болсо, үч суткага чейин камакка алынат — мурда 15 миң сом айып пул төлөшчү.

Ал эми айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартса, үч күнгө, эгер күбөлүгү жок айдоочу баш тартса, беш суткага чейин камакка алынат.

Кайгуул милициясынан мас абалда аварияга кабылган айдоочулар да бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратыларын кошумчалашты. Эгер айдоочу бул мөөнөт аяктагандан кийин кайра мас абалда унаа башкарса күбөлүгүнөн үч жылга ажыратылат.

Өткөн жылдын декабрында Жогорку Кеңеш мас абалда унаа башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган.

ИИМдин «Жол коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү долбоорунда жол кырсыктарынын негизги үч себеби айтылат:

  • ылдамдыкты ашыруу (жогорулатуу);
  • алдында бараткан унааны ашып өтүү жана каршы тилкеге чыгуу;
  • унааны мас абалда башкаруу.

Мындан улам аталган үч эрежени бузгандарга карата жазаны күчөтүп, айдоочулук күбөлүктөн жарым жылдан кем эмес мөөнөткө ажыратууну сунуштаган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2017-2021-жылдар аралыгында өлкөдө 32 369 жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен төрт миңден ашык адам каза таап, дагы 49,6 миңи жабыркаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: 12 күндө мас абалында унаа башкарган 647 айдоочу аныкталды