Имаратка бомба коюлганы боюнча кабардан кийинки иш: 24.kg’нин редактору сурак берди

УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агентигинин жооптуу редактору Анастасия Мокренкону Red Centre соода борборуна бомба коюлган деп билдирген иш боюнча суракка алышты. Дал ошол имаратта басылманын кеңсеси жайгашкан.

Сурак боюнча маалыматты 24.kg’нин башкы редактору Махинур Ниязова «Азаттыкка» тастыктады.

Анын айтымында, УКМКнын өкүлү 2-мартта басылманын кеңсесине келип, Мокренкону өзү менен чогуу башкармалыкка баруусун өтүнгөн. Журналистти жумуш учурунда, эч кандай чакыруу жөнөтпөй, көрсөтпөй эле УКМКга алып кетишкен.

Ошондой эле 24.kg басылмасы Мокренко күбө катарында суракка алынганын да билдиришти.

«20-январда биздин электрондук почтага имаратка бомба коюлганы тууралуу кат келген. Суракка чакырылган журналист электрондук почтага жооптуу болчу. Бизге алдын ала билдирүү жибербей эле УКМК кечээ чакырып, адвокаты жок эки сааттай суракка алды», — деп айтты Ниязова.

Январдын аягында бир катар ЖМКнын редакцияларына алардын имаратына бомба коюлганы тууралуу электрондук маалымат келип түшкөн. Мындай маалыматты 24.kg, Kaktus.media жана «Вечерний Бишкектин» редакциялары алышкан.

Бул маалыматты алгандан кийин баслыманын кызматкерлерин эвакуация кыла баштаган, ал эми алардын кеңсеси жайгашкан имарат курчоого алынган. Андан бир канча саат өткөндөн кийин сапёрлор имараттын текшерүүгө алынган бир дагы жеринде бомба аныкталбаганын билдиришкен.