Бишкек: ЖМКнын кеңселери жайгашкан Red Centre соода борборунда бомба табылган жок

20-январда Бишкектеги бир катар ЖМКлар жайгашкан имаратта бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлер эвакуацияланды. Кийинчерээк Red Centre соода борборунда бомба жок экени белгилүү болуп, ал кадимки режимде иштей баштады.

Свердлов РИИБдин маалыматы боюнча, саат 15:45те Red Centre соода борборунда бомба бар деген билдирүү келип түшкөн. Ал имаратта 24.kg жана Elgezit басылмаларынын кеңселери жайгашкан.

Милиция кызматкерлери соода борборун курчап алып, ичиндеги адамдарды эвакуациялашты. Жеринде кинологдор текшерүү, кароо иштерин жүргүзүп эч нерсе табышкан жок.

24.kg сайтынын билдирүүсү боюнча, бомба тууралуу маалымат ЖМКнын электрондук почтасына да жиберилген.

Ошондой эле катты Kaktus.Media басылмасы алган. ЖМКнын кеңсеси жайгашкан имарат да курчоого алынып, кызматкерлер эвакуацияланып, учурда жардыруучу заттар изделип табылган эмес.

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн имаратында да бомба бар деген маалыматты текшерүү үчүн ал жердеги кишилер эвакуацияланганы кабарланууда.

Ага чейин ушул эле күнү борбор калаадагы беш мектептин имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү айтылган. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында имараттардан эч кандай жардыруучу зат табылбаганын милициядан «Клоопко» билдиришкен.

Өткөн жылдын 9-декабрында да Бишкектеги бир нече мектептердин имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат пайда болуп, бардык окуучулар эвакуацияланган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында эч кандай жардыруучу заттар табылган эмес.