«Үйдү бекитип кетишкен». Бишкекте өспүрүм кыз 4-кабаттан кулап кетип ооруканага жеткирилди

Бишкекте 13 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап түшүп, ооруканага жеткирилди. Секелекти үйгө бекитип кеткендиктен, ал достору менен сейилдөө үчүн терезеден чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу 3-мартта «Клоопко» Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү саат 22:49 чамасында милицияга Төмөнкү-Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кыз кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери өспүрүм кыз үйдө жалгыз болгонун, жакындары батирди бекитип кеткенин аныкташкан.

«Достору менен сейилдөөгө чыгуу үчүн балкондон шейшеп менен түшүүгө аракет кылып жатып, кулап кеткен. Бул иш милицияга каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталды жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп белгилешти милициядан.

Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов өспүрүм кыздын абалы туруктуу экенин билдирди. Анын айтымында, алгач секелек баш мээси чайкалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын сол акыреги жана жамбаш сөөктөрү сынган. Учурда кыз реанимациядан нейрохирургия бөлүмүнө которулду.

Өткөн жылы Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм бала көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатындагы батирдин терезесинен кулап, каза тапкан. Милиция бул боюнча тергөөгө чейинки текшерүү ишин баштап, тиешелүү экспертизаларды дайындаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте өспүрүм көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду