«Караван» соода борборун реконструкциялоо учурунда көп кабаттуу үйдүн тосмосу кулады

Бишкекте 2-марттын кечинде Сыдыков көчөсүндөгү, жанына «Караван» соода борборуна кошумча 10 кабаттуу курулуш салынып жаткан №131 көп кабаттуу үйдүн тосмосу кулап түштү. Буга чейин тургундар курулуш нормага ылайык болбой жатканын айтып, президенттен мыйзамдуулугун текшерип берүүнү өтүнүшкөн болчу.

Жашоочулардын айтымында, короонун тосмосу кулаганда көп кабатуу үй дагы силкинген. «Үйдүн тышкы шыбагы жарака кетти. Батирлерибизге кайткандан коркут жатабыз. Балким биздин үй дагы секунд ичинде кулап калсачы», — деп айтып берди 24.kg агенттигине тургундардын бири.

Азырынча бул окуя боюнча тийиштүү ведомстволор маалымат берише элек. «Клооп» да Мамкурулуш менен байланыша алган жок.

«Караван» соода борборун реконструкциялоо иши 2021-жылы эле башталган. Долбоор боюнча азыркы соода комплексине төрт кабат кошулуп жана дагы кеңсе жайлары боло турган 10 кабаттуу имаратты салуу пландалып жатат.

Курулуш иштери турак үйдүн дээрлик түбүндө жүрүп жатат. Сүрөт: 24.kg.

«Караванга» кошумча курулуш турак үйгө дээрлик жакын жерде жүрүп жатат. Буга чейин курулуш жүрүп жаткан жерге котлован үчүн казылган жердеги №131 үйдүн пайдубалынын бир бөлүгү ачылып калганы коомчулукта резонанс жараткан.

Бул окуядан кийин Мамкурулуштан жерине комиссия жөнөтүлгөнүн, ал эми котлованды казуу иштери токтотулганын билдирген. Турак үйдүн пайдубалын бекемдөө иштерин баштоо тапшырмасы да берилген. Буга кошумча, комиссия талаптар аткарылбаганы боюнча акты түзгөн.

2021-жылдын декабрында болсо, Мамкурулуш «Караван» соода борборуна уланган курулуш иштери мыйзамсыз жүрүп жатканын билдирип, керек болсо Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасына кайрылган. Бирок кайрылууга прокуратура кандай реакция кылганы белгисиз. Ага карабастан курулуш иштери улантыла берген.

Ал эми февралдын аягында №131 үйдүн тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылып, «13 кабаттуу соода борборунун курулушуна берилген уруксат документтерин мыйзамдуулугун жана туура экенин текшерип жана буга тийиштиги бар аткаминерлердин барын мыйзам боюнча жазага тартууну өтүнүшкөн».

Кийин бул үйдүн жашоочулары менен мэр Эмилбек Абдыкадыров да жолуккан. Ал комиссияга кошумча курулуш жүргүзүүгө уруксат берген документтерди текшерип жана турак үйдү сейсмологиялык экспертизадан өткөрүү тапшырмасын берген.

«Караван» соода борбору башында Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге таандык болчу. Бирок кийин Түлеевге ачылган кылмыш иштерден улам, бир канча убак имаратка «Мүлк» мамлекеттик ишканасы ээлик кылып турган. Ал эми 2021-жылы үч инстанцияда тең Түлеевге карата коюлган айыптоо өкүмдөрү жокко чыккан. 2023-жылдын январында «Караван» кайрадан толугу менен Түлеевге өткөнү белгилүү болгон.

Башкы беттеги сүрөт: 24.kg.