Чүй облусунун Сокулук районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 4-мартта облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-январында Сокулуктун тургуну 15 жаштагы кызын белгисиз бирөө зордуктаганын айтып, милицияга арыз жазган.
Бул иш Сокулук райондук милициясына каттоого алынып, «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери издөө-иштерин жүргүзүп, шектүү катары 1992-жылы туулган кишини кармашкан.
Ал облустук милициянын убактылуу кармоочу жайында киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин, 28-февралда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин мугалими 17 жашар кызды зордуктоого шектелип сурак берген. Ал 1-мартта милиция тарабынан кармалганы маалымдалган.
Балдарга карата зомбулук
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.
Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.
Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.
Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.
Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт. Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:
Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775
Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212
Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.