Айдоочудан көбүрөөк пара талап кылган кайгуул милиция кызматкери иштен алынды

Соцтармактарда айдоочу жол эрежесин бузганы үчүн кайгуул милиция кызматкерине пара берип жаткан видеосу тарады. Натыйжада 4-мартта кызматкер жана анын жетекчиси иштен бошотулду.

Видеодон милиция кызматкери айдоочуну жол эрежесин бузганы үчүн токтотконун көрүүгө болот. Жигит болсо кызматкерден протокол түзбөөнү өтүнүп, 200 сом сунуштаган. Бирок милиция кызматкери 1000 сом талап кылган.

Акчаны алган соң кызматкер видеого тартылып жатканын байкап, кайра жигитке акчаны кайтарып, протокол түзө баштаган. Бир аздан кийин ал акча алганын танып, айдоочу менен талаша баштаган.

ИИМден видеодогу кызматкер кайгуул милициянын кенже инспектору, старшина Чыңгыз Курманбеков экенин айтышты.

«Ал кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарбаганы үчүн жумуштан айдалды. Кол алдындагы кызматкерлерин начар башкарганы үчүн милициянын кенже лейтенанты Мирлан Жексимбеков да кызматынан бошотулду», — дешти ИИМден.

Ошондой эле командирдин орун басары, Күмүшбек Молдобеков ээлеген кызматынан төмөндөтүлсө, дагы бир орун басары Тилекмат Молдобаев катуу сөгүш алды.