Казакстанда Бишкек — Самара багытындагы поезд менен тепловоз кагышты, жабыркагандар жок

Казакстандын Актөбө облусунда Бишкек — Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд менен тепловоз кагышты. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 5-мартта эртең менен саат 10:20 чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок, окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Ишканадан жүргүнчү ташыган поездде 229 адам болгонун, алар Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын жарандары экенин белгилешти. Кагышуунун кесепетинен 3 вагон жабыркады.

«Жабыркаган вагондогу жүргүнчүлөр башка вагондорго отургузулду. Поезд бригадасы, жергиликтүү бийлик органдары жана саламаттык сактоо кызматкерлери жаракат алгандарга жардам көрсөтүп, ысык тамак уюштуруп жатышат», — дешти ишканадан.

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасы Бишкек-Самара багытындагы поезд жумасына эки жолу, жума жана шаршемби күндөрү жөнөй турганын билдирген.