Валентина Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун коргой албай калды

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык спортчу Алекса Грассо менен беттешип, UFC’нин чемпиондук титулун коргой албай калды.

Беттеш 5-мартта АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Алгачкы раунддарда Шевченко үстөмдүк кылып келе жаткан. Бирок 4-раундда Грассо Шевченкону муунту ыкмасы менен жеңип алды.

«Бул Эрежесиз эр уруш. Бардык раундда жеңип келе жатып, болбогон бир жагдайда утулуп калышың мүмкүн. Биздин кийинки беттеште дагы күчкө толом деп ишенем, таптакыр башка жыйынтык болот. Жигердүү машыгып, жеңиш үчүн бардыгын жасаш керек. Кайтып келип, титулумду кайтарып алам. Тез арада реванш болуусун каалайт элем», — деди Шевченко.

Анын атаандашы Грассо Шевченкону мыкты мушкер деп атап, ага каршы туруу үчүн ыкмаларды байкап, машыкканын белгиледи.

Өткөн жылы Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун жетинчи жолу коргогон. Мушкер айым 2018-жылдын декабрынан бери бир да жолу жеңилбей келе жаткан болчу.

Шевченко 2021-жылы UFC’нин жаңыланган рейтингинде аялдардын арасында салмак категорияларына карабастан эң мыкты мушкер айым деп тандалган. Ал эми Fighters Only журналынын жыйынтыгы менен ал 2022-жылдын мыкты мушкер айымы деп таанылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

UFC чемпиону Валентина Шевченко 2022-жылдын мыкты мушкер айымы деп таанылды

Валентина Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун жетинчи жолу коргоду