Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Болгарияда өткөн эл аралык турнирде алтын утушту

Балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Болгариянын София шаарында өткөн Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык турниринде алтын медаль жеңишти.

Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмактык категорияда беттеш өткөрүп, финалда польшалык балбанды 6:0 эсебинде жеңди.

Ал эми Махмудов 77 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашып, финалда армениялык спортчу менен беттешти. Эсеп 1:1 болду — күрөштүн эрежесине ылайык, акыркы упайды Махмудов алгандыктан жеңиш ага ыйгарылды.

Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык турнири Болгариянын борбор калаасы София шаарында 2-мартта башталган. Бүгүн, 5-март — мелдештин акыркы күнү.

Ага эки балбандан тышкары грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөлөрү Амантур Исмаилов менен Үзүр Жусупбеков да барган. Бирок алар жарым финалга чыга алышкан жок.

Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону, Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүсү. Ал ошондой эле Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон.

Жоламан Шаршенбеков — Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү.

Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү Махмудов менен Шаршенбековду 2022-жылдын «тарых жаратуучулары» деп тапкан.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 4-февралында эки балбан «Даңк» ордени менен сыйланышкан.