Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы үчүнчү дивизиондун оюнунда дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы В тайпасындагы үчүнчү дивизиондун оюнунда дүйнө чемпиону болду. Кыргыз хоккейчилери атаандаштарынын бардык беш командасын тең ири эсепте жеңишти.

Акыркы беттеште кыргызстандыктар Гонконгтун курамасы менен жолугуп, аларды 2:12 эсеби менен жеңген. Ага чейин кыргыз хоккейчилери Иран жана Малайзиянын курамалары менен ойногон. Анда кыргыз командасы Иранды 18:0, ал эми Малайзияны 22:0 эсеби менен жеңген.

Турнир 27-февралдан 5-мартка чейин алты команданын катышуусунда Босния жана Герцеговинада өттү. Турнирге Босния жана Герцегованынын өзүнүн жана Сингапурдун да командалары катышты.

Кыргыз курама командасы В тайпасынын чемпиону болгон соң кийинки жылы А тайпасында ойнойт. Ал тайпада кыргыз спортчулары Түркмөнстан, Кытайдын Тайбэйинин, Түштүк Африка республикасынын, Люксембург, Тайланд жана Түндүк Кореянын курамаларына каршы ойношот.

2022-жылы Кыргызстандын курамасы төртүнчү дивизиондогу командалардын арасында дүйнө чемпиону болгон.