Декларация 2021: Кымбат баалуу зер буюмдары бар жети депутат

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январында чиновниктердин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2021-жылга карата декларацияларын жарыялаган. Кээ бир депутаттар мал мүлкүнөн тышкары документте канча сомдук зер буюмдары бар экенин дагы көрсөтүшкөн.

Кызыгы, азыркы депутаттардын ичинен декларациянын «Баалуу жана жартылай баалуу металдардан, акак жана асыл таштардан турган зер буюмдары» деген графасын алтоосу гана толтурган.