Ташиев акыркы эки жылда өлкөнүн коргонуусуна 1 млрд доллар жумшалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев бийлик акыркы эки жылда өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга 1 млрд доллар кетиргенин билдирди. Бул каражатка аскердик техника, ок-дары жана курал-жарактар сатып алынган.


«Бул биздин куралдуу күчтөргө алынып жаткан аскердик техникалар, ок-дары, курал-жарак. Биз мурдагыдай эмеспиз. Азыр башка мамлекеттерден кем калбай турган, башкаларда жок курал-жаракка ээ болуп жатабыз. Мына дагы деле алып келип жатабыз. Эң негизгиси — биз согушка даярданган жокпуз, биз коргонууга даярданып жатабыз. Мамлекетибиз кор болбосун деп жатабыз. Элибиздин бир метр жерин дагы бирөө басып ала албайт жана ага жол бербейбиз деген максатта кылып жатабыз», — деп айтты Ташиев.


Кыргызстан 2022-жылдын сентябрында Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалынан кийин активдүү түрдө аскерий техникаларды сатып ала баштаган. Бирок бийлик өлкөнүн коргоонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө канча чыгым кетип жатканын айтпай келген.

Кыргызстан Баткендин «абасын жабуу» үчүн Беларустан «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплексин сатып алып келгени белгилүү. Ошондой эле өлкө Түркиянын учкучсуз учуучу «Байрактар ТВ2», «Байрактар Акынжы» жана «Аксүнгүр» аппараттарын сатып алган.

Чек ара аймагындагы ири куралдуу кагылышта, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.

Тажик ТИМнин маалыматы боюнча, алар тараптан 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык адам жабыркаган. «Озоди» радиосу («Азаттыктын» үналгысынын тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, каза тапкан 83 адамдын тизмесин түзгөн.

Эки тарап тең жаңжалга бири-бирин айыпташууда.