Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев

Депутат Талант Мамытов 2022-жылдагы кыргыз-тажик жаңжалында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке курал-жарак алып келгенин айтты. Экс-спикер бул «түшүнүксүз кадамдан» улам кызматын тапшырганын белгиледи. Бул тууралуу эл өкүлү 7-мартта Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

Мамытовдун айтымында, куралдуу жаңжал аяктагандан кийин УКМКнын төрагасы жана Коргоо министрлигинин өкүлү Бактыбек Бекболотов Баткендеги абал тууралуу маалымат бериш үчүн бир жашик курал-жарак менен келген.

«Маалымат берилгенден кийин курал-жарак таратып: “Парламентарийлер, эгерде өлкөнү коргогуңар келсе, куралды алып жол башташыңар керек”, — деп айтышты. Аны УКМКнын төрагасы [Камчыбек Ташиев] айтты. Чынын айтсам, мен түшүнбөй калдым», — деди Мамытов.

Андан соң Мамытов борбордук трибунага чыгып, президенттин кайрылуусун күтүп жатышканын, эгерде ал согуштук абал киргизүүнү чечсе, аны адегенде парламент бекитиши керек экенин белгилегенин айтты.

Ошондо Мамытов Ташиевге кайрылып, өлкөнү курал-жарак менен коргоо аскер кызматкерлеринин милдети экенин, бирок «зарылчылык жаралса өзү биринчилерден болуп жол баштап берерин, бирок жоопкерчилик Ташиевде болорун» айтканын белгиледи.

«Мүмкүн бул парламентке басым кылуу үчүн кандайдыр бир манёвр же тактика болгон чыгар. Мен жеке ушундай кабыл алдым. Анан дагы ким мындай сөздү укпасын, колго курал алмак деп ойлойм. Жада калса, парламентарийлерге курал-жарак жетпей, бири-бириникин алып коюп жатышты. Андан кийин кайра кайтарып берүүнү суранышып, “туура эмес түшүнүп алдыңар” жана башка дешти. [...] Чынын айтканда мен түшүнбөй калдым, мүмкүн бул кандайдыр нервдин чыңалуу абалы болгондур», — деди эл өкүлү.

Аны менен катар ал Баткендеги жергиликтүү тургундардын жана аскер кызматкерлеринин абалы менен таанышып келгенден кийин парламенттеги төрагалык кызматынан отставкага кеткенин, ага түздөн-түз аталган иш-аракет себеп болгонун айтты.

Мамытов УКМКнын башчысынын жана Коргоо министрлигинин андай аракети президент Садыр Жапаровго да түшүнүксүз болгонунун кошумчалады.

Буга чейин, 2022-жылы 22-сентябрда, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин депутаттар бул окуяларды жабык эшик артында талкуулап, Баткенге барып эл менен жолугушууну чечишкен.

Бир жумадан кийин депутат Адахан Мадумаров «андан кийин УКМКнын башчысы жыйынга эки жашик автомат менен келген» деп билдирген. Депутат Исхак Масалиев 22-сентябрдагы жыйын тууралуу сөз болуп жатканын тактап айткан.

Бул окуя тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп турган шартта парламентке «эки жашик автомат алып келгени» боюнча оюн айтып, атайын кызматтын төрагасы «кичине ката кетиргенин» белгилген.

«Депутаттар “Баткен бүтө электе маалымат бергиле” деп чакырышкан экен. “Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен” деген сөздөр болуп, “Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат” деген сындар болуптур. Анан “мына силерге автомат” деп алып барса керек. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди», — деген Жапаров.

Куралдуу жаңжал

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 130 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматына караганда, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган. Бирок «Озоди» радиосу («Азаттык» радиосунун тажик кызматы) өз булактарына таянып, каза тапкан 83 кишинин тизмесин жарыялаган.

Аскерий агрессияга эки тарап бири-бирин күнөөлөшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан кетти

Талант Мамытов: Парламентке эки жашик курал алып келингенден кийин төрагалыктан кеттим