Талант Мамытов: Парламентте орус тилинде сөз сүйлөөгө тыюу салуу мыйзамсыз

Депутат, парламенттин экс-төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңеште орус тилинде сөз сүйлөөгө тыюу салынганын мыйзамсыз деп атады. Ал «Sputnik Кыргызстанга» курган маегинде, азыркы төрага Нурланбек Шакиевдин буга чейин жаратылыш ресурстары министири Динара Кутмановага парламентте орус тилинде сөз сүйлөөгө уруксат бербей койгонуна комментарий берди.

«Мен жөн гана мыйзамга, регламентке комментарий берип жатам, анда баяндама жасаган киши мамлекеттик тилде да, расмий тилде да сөз сүйлөй алат, ал эми төрага регламентке гана таянат. Ошондуктан тыюу салуу — бул мыйзамга туура келбейт, анын үстүнө биздин республикада орус тилинин расмий деген макамы бар», — деп белгиледи ал.

Парламенттин 2022-жылдын 15-декабрдагы жыйынында Шакиев Кутмановага орус тилинде сөз сүйлөөгө уруксат бербей койгон. Сөз алып жатып Кутманова жыйындын катышуучуларынан расмий тилде сүйлөөгө уруксат сурап кайрылган болчу.

Бирок, министр сүйлөп баштаганда спикер Нурланбек Шакиев дароо сөзүн бөлүп, аткаминерден расмий тилде сүйлөш үчүн уруксат алганбы деп сураган.

Кутманова спикерден, депутаттардан суранганын айткан, анткен менен Шакиев ага расмий тилде сүйлөөгө уруксат бербегенин билдирип, кайсы бир эрежеге таянуу менен, баяндаманы мамлекеттик тилде улантууну өтүнгөн. Бирок анда төрага ал кайсы эреже экенин ачыктаган эмес.

Акыры Кутманова кыргыз тилинде баяндама жасаган.