УТРКнын башкы директору алмашты. Кайрат Иманалиевдин ордуна Болотбек Тиллебаев келди

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев кызматынан бошотулуп, ордуна Болотбек Тиллебаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка 9-мартта президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин администрациясынын маалыматы боюнча, Иманалиев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен. Ал УТРКны 2022-жылдын июнь айынан бери жетектеп келген.

Болотбек Тиллебаев 51 жашта. Ал көп убакыттан бери УТРКда ар кандай позицияларда иштейт. Жакында директордун техникалык маселелер боюнча орун басары болгон. Буга чейин ал бир нече жолу корпорациянын жетекчилик кызматына сынакка катышкан.

«Вечерний Бишкек» басылмасы Тиллебаев 2014-жылы УТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө пара берүүгө аракет кылууда айыпталганын жазган. Тиллебаев бул ишти «кара пиар» деп атап, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн сотко берерин айткан.