Чүй: Башка бирөөлөрдүн 64 гектар жерин басып алып, бөлүп сатып жаткан адам кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында башка бирөөлөрдүн 64,5 гектар айыл-чарба багытындагы жерлерин басып алып, сатып жаткан шектүү кармалды. Бул тууралуу 10-мартта «Клоопко» Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-мартта Аламүдүн РИИБге Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы кайрылган. Анда ал 64,5 гектар жерге айылдын бир тургуну эскертүүлөргө карабай мыйзамсыз фундаменттерди куюп, электр чубалгыларын тартып жатканын айткан.

Териштирүүнүн негизинде, айыпталган киши чындыгында айыл чарба багытындагы жерлерди шагыл менен жайылтып жол жасап, участокторго бөлүп турак жай куруу үчүн элдерге сатып жатканы аныкталган.

53 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Чүй ОИИБи бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу үчүн мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.