«Яндекс.Таксинин» кызматкерин коркутуу: Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды

«Яндекс.Таксинин» кеңсесинде кызматкер кызды коркуткан Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев кармалды. Бул маалыматты «Клоопко» Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

26-февралда шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова видеокайрылуу жарыялап, анда жакында гана ачылган компаниянын кеңсесиндеги кызматкерлерге карата коркутуу болгону тууралуу кабарлаган. Анда Сыдыкова алар Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Кайрат Чокеев менен Зафар Абраимовдор экенин тааныганын да билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, ошол күнү Бишкектин Свердлов райондук милициясына аял киши арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 16:00дө Токмок шаарындагы «Салтанат кейджи» фирмасынын кеңсесине бейтаныш кишилер кирип келип, кызматкерлердин бирин жулкулдатып сүйрөп чыгышкан. Аны денесине залал келтиребиз, кеңсени өрттөп кетебиз деп коркутушкан.

«Фирманын баасы 3000 сом турган жарнама баннерин жыртып, кызматкерлерди Токмоктон кетүүгө аргасыз кылышкан. Фактыны Свердлов РИИБи каттоого алган, бирок аймакка караштуу Токмок шаардык милициясынын кароосуна өткөрүлгөн», — деп билдиришти милициядан.

Чокеев 9-март күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда жанынан ок-дары табылганы белгилүү болду. Буга чейин аны парламенттин эск-депутаты Өмүрбек Текебаевге кол салууга тиешеси бар деген маалымат тараган.