Мыйзамсыз активдерди адалдоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна кирген өзгөртүүлөр комитетте жактырылды

Парламенттин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети 13-марттагы жыйынында мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга мүмкүндүк берүүчү «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбооруна киргизилген түзөтүүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев телеграм каналында билдирди.

Анын айтымында, салык декларациялары боюнча мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүүнү Экономиак жана коммерция министрлиги сунуштаган.

«Салык декларацияларын толугу менен жокко чыгаруу сунушталууда. Башкача айтканда, өзүнүн менчиктерин легалдаштырып алгандар — аткаминерлер, уурулар жана башкалар — алардын декларациялары жокко чыгарылат», — деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеш «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзамды 2022-жылдын июнунда кабыл алган. Бул документ парламентте акыркы жолу 2022-жылдын октябрында талкууланган.

Президенттин администрациясы сунуштаган мыйзам долбоору

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзамды президент Садыр Жапаровдун администрациясы 2022-жылдын майында иштеп чыгып, сунуштаган.

Мыйзамдын долбооруна ылайык, кыргызстандыктар атайын декларация тапшыра алышат. Документте алардын мурда кандайдыр бир себептерден документке кирбей калган, ал тургай мыйзамсыз жана кылмыштуу жол менен келсе да бардык кирешелери жана мүлктөрү көрсөтүлөт.

Ошол эле кезде активдеринин келген булагын ачыктоого эч ким милдеттүү болбойт. Атайын даярдалган жаңы декларация алардын мыйзамдуу экенине тастыктоо болуп берет.

Мыйзам долбооруна «Адилет» укуктук клиникасы анализ жасап, өз анализинде мыйзам долбоору өлкөнүн Конституциясына, анын ичинде Кыргызстан өзү мүчө болгон эл аралык келишимдерге жана документтерге, ошондой эле коррупцияны жоюу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик стратегияга каршы келерин белгилеген.

Тема боюнча окуңуз: Президенттик аппарат мыйзамсыз активдерди мыйзамдаштырууну сунуштады

Кыргызстан мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын жабык кылууну каалайт