Прокуратура Бишкек мэриясы бюджетке 781 млн сомдон ашуун зыян келтиргенин билдирди

Бишкек мэриясынын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө 781 миллион сомдук көбөйтүлгөн өлчөмдө акы алганы аныкталды. Бул тууралуу 13-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлгөн. Анда ар ай сайын эки маянанын өлчөмүнө чейин мыйзамсыз жогорулатуу менен кошумча үстөк акы төлөнүп келгендиги аныкталган.

«Тактап айтканда, 2021-2022-жылдар аралыгында Бишкек шаардык мэриясынын, Бишкек шаардык Кеңешинин жана Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында мыйзам талаптарын одоно түрдө бузушуп, Бишкек шаардык Кеңешинин "Бишкек шаарынын 2021-2022-жылдарга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомдору менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз кошумча үстөк акылар каралган», — деп жазылат билдирүүдө.

Көзөмөл органынан келтирилген зыяндын суммасы 781 млн 397,3 миң сомду түзгөнүн билдиришти. Учурда «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.