Парламент комитети Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды, бирок минкаб каршы чыгууда

Парламенттин профилдик комитетинин 14-марттагы жыйынында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндөгү» мыйзам долбоору жактырылды.

Аталган сунуштун демилгечилеринин бири депутат Жанар Акаев шаар тургундары «шаарды башкарууга аралашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, мэрди өздөрү шайлашы керектигин» белгиледи.

«Акыркы эки жылдын ичинде Бишкекте сегизинчи мэр иштеп жатат. Бишкектиктер, шаар тургундары мэрлердин атын жаттап үлгүрбөй калып жатышат. Бул мыйзам долбоордун негизги максаты — шаардыктар шаардын башчысын түз шайлашы керек. Мэр болчу адамдар чыгып, “мен шаардын көйгөйлөрүн, ыш маселесин, жаңы конуштардагы маселелерди минтип чечем” деп өздөрүнүн программасын айтсын» — деди ал.

Акаев түз шайлоо тажрыйбасы келечекте «өлкөнүн бардык шаарларында болушу керектигин» кошумчалады.

Бирок эл өкүлү Бишкектин калаа башчысын түз шайлоо сунушуна министрлер кабинети каршы чыгып жатканын белгиледи. Анын айтымында, өкмөт «түз шайлоо туруксуздукка алып келиши мүмкүн деген негизде мыйзамга терс корутунду берген».

«Шаар тургундары мэрди өздөрү шайласа, түз шайлоолор тескерисинче, туруктуулукка алып келет деп эсептейм», — деди ал.

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун 2022-жылы ноябрда коомдук талкууга койгон. Ага ылайык, Бишкектин мэрин «жалпы жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен Бишкек шаардык кеңешинин чакырылышынын мөөнөтүнө добуш берүү укугуна ээ» тургундар тандай алышат.

2021-жылдын октябрь айына чейин шаар башчыларын шаардык кеңештин депутаттары, фракциялар жана премьер-министр тарабынан сунушталган талапкерлер тандалып келген. Бирок кийинчерээк республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин дайындоо максатында президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мэр жана акимдерди президент дайындайт. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду