УКМК: «Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги коррупцияга шектелип кармалды

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун мурдагы жетекчилигин жана коррупцияга көмөктөшкөн төрт кишини кармады. Бул тууралуу 17-мартта Улуттук коопсуздук комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалгандардын баары УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Атайын кызматтан кармалгандарга «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2017-2020-жылдар аралыгында «Кыргызнефтегаз» башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема уюштурулган.

«Базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн. Ошондой эле, жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул убакыт аралыгында компанияны Рашид Бостонов жетектеген. Ал «Кыргызнефтегаздын» башчылыгынан 2020-жылдын ноябрында кеткен.

Рашид Бостонов.

Ошондой эле тергөө «Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныктап, алар учурда камакка алынды.

УКМКдан жетекчилик алмашкандан кийин «Кыргызнефтегаздын» кирешеси бир нече эсе өскөн деп белгилешти. Комитеттин маалыматына ылайык, Б.Р.А. 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2,9 млрд сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда ишкананын таза кирешеси 5,8 млрд сомдон ашык сумманы түздү.

«Кыргызнефтегаздын» негизги акционери Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болуп саналат. Компания Жалал-Абад жана Ош облустарында кен иштет. Ошондой эле башка ачык кендерди иштетүү менен алектенет, өлкөнүн нефть жана газдуу аймактарында чалгындоолорду жүргүзөт.

Ишкана Жалал-Абад жана Кочкор-Ата шаарларын, ошондой эле Майлуу-Суу лампа өндүрүү заводун газ менен камсыздайт. Ишкана өндүргөн нефттин көпчүлүк бөлүгү мазут кылып кайра иштетилет, ал эми бензин жана күйүүчү майлары жергиликтүү рынокто сатылат.