Бир кадр менен: Президент ботаникалык бакка барып, реконструкциялоо долбоору менен таанышты

Сүрөт: Президенттин администрациясы.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги профессор Энвер Гареевдин атындагы ботаникалык бакка барып, реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралуу 18-мартта президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоорго ылайык, ботаникалык бактын аймагында эки кабаттуу административдик, бир нече чарбалык имарат курулуп, трансформатордук көмөкчордон, күнөсканалар, питомниктер, ирригациялык система жана башка объектилер оңдолот.

Ал эми транспорттук схема өрт коопсуздугунун нормаларына ылайык келтирилет, жөө жүргүнчүлөр үчүн аймактар заманбап талаптар боюнча жакшыртылат.

Өлкө башчысы ботаникалык бактагы кызматкерлердин жүргүзүп жаткан илимий иштери тууралуу да маалымат алды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Ботаникалык бактын абалын сынга алып, ага президент Садыр Жапаровдун атын ыйгарууну сунуштаган.

«150 гектарды 20 адам карайт экен. Ботаника багынын абалын караңыздарчы, ит баспай калды ал жакка. Канчалаган баңгилер жүрөт, зордук-зомбулук болуп жатат. Сунушум – мүмкүн улуттук парк кылабызбы же президенттин атын ыйгарабызбы, көзөмөлгө алып койсоңуздар», — деген ал.

Ал эми депутаттын сунушун Энвер Гареевдин уулу Рустам Гареев «популисттик билдирүү» деп сыпаттаган. Ал финансылык колдоо өтө аз болгон үчүн бак аман калуу аракетинде экенин айткан.

Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак 1938-жылы негизделген — быйыл 85 жыл болот. Өткөн жылдын ноябрында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ботаникалык бакты каржылоону республикалык бюджетке же мэриянын карамагына алуу сунуш кылынып, бирок колдоо таппаганын айткан. Ал мунаса табылбаса, бак республикалык бюджеттин карамагына өтөт деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ботаникалык бактын атын өзгөртүү сунушу: Гареевдин уулу комментарий берди