Ботаникалык бактын атын өзгөртүү сунушу: Гареевдин уулу комментарий берди

Ботаникалык бакка аты берилген профессор Энвер Гареевдин уулу Рустам Гареев бактын аталышын өзгөртүү сунушу боюнча 24.kg басылмасына маек курду. Анда ал депутат Эмил Жамгырчиевдин сынына жооп берди.

«Эмил Жамгырчиевдин ботаникалык бакты президенттин атына өзгөртүү тууралуу популисттик билдирүүсү биз үчүн күтүлбөгөн болду. Анткени биз республика башчылары, илимий коомчулук, депутаттар, Чыңгыз Айтматов Эл аралык фонду, “Туган тэль” татар-башкыр маданий борбору жана Татарстандын вице-премьери Васил Шайхразиев менен атабызга арналган стеланы ачканыбызга аз эле убакыт болгон», — деди ал.

Гареев финансылык колдоо өтө аз болгон үчүн бак аман калуу аракетинде экенин айтты.

«Биз учурда бак кандай абалда экенин жана деги эле эгемендүүлүк алгандан бери илимдин абалы кандай экенин билебиз. [...] Бак негизинен коллективдин жана директор Гүлайым Дөңбаева энтузиазмы менен сакталып турат. Алар илимий мурастарды өнүктүрүп, бардык күч-аракетин жумшап, Ботаникалык бактын азыркы абалын жакшыртуу аракетинде. Учурда ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат, жаңы адистештирилген техникалар алынды», — деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 22-февралда Ботаникалык бактын абалын сынга алып, анын атын президент Садыр Жапаровдукуна өзгөртүүнү сунуштаган.

«150 гектарды 20 адам карайт экен. Ботаника багынын абалын караңыздарчы, ит баспай калды ал жакка. Канчалаган баңгилер жүрөт, зордук-зомбулук болуп жатат. Сунушум – мүмкүн улуттук парк кылабызбы же президенттин атын ыйгарабызбы, көзөмөлгө алып койсоңуздар», — деген ал.

Ноябрь айында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин бакты каржылоону республикалык бюджетке же мэриянын карамагына алуу сунуш кылынып, бирок колдоо таппаганын айткан. Ал мунаса табылбаса, ботаникалык бак республикалык бюджеттин карамагына өтөт деп билдирген.

Автору: Айгерим Белекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектин Ботаникалык бакчасы суунун жетишсиздигинен улам куурап жатат — активисттер

Бишкек мэриясы ботаникалык бакчадагы бак-дарактарды кыйбоону чечти

Сапар Исаков Ботаникалык бакчаны бир жылда калыбына келтирүүнү тапшырды