Депутат Кокулов клубга кирерде баш кийимин чечүүдөн баш тартып, милиция чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов борбордогу «Промзона» клубуна кирерде баш кийимин жана күрмөсүн чечүүдөн баш тартып, милиция чакырды. Бул боюнча 18-мартка карган түнү соцтармактарда жеринен тартылган видео тарады.

Эл өкүлү милиция чакырганын укугу бузулуп жаткана менен түшүндүрдү.

«Имаратка акчасын төлөп кирип бара жатсам, кепкамды жана күрмөмдү чечүүмдү талап кылып жатышат. Менин укугум бузулуп жатат, ошондуктан милиция чакырдым», — деди ал.

«Депутаттын мындай жүрүм-туруму татыктуу көрүнүшпү?» деген суроого Кокулов видеонун ээсине депутат катары эмес, жаран катары кайрылдым деп жооп берди.

Милиция кызматкерлери Кокуловго клубга кирүүгө жардам берүүгө аракет кылышты. Ал эми клубдун администрациясы имаратка баш кийим жана күрө менен кирүү клубдун эрежесин бузуу деп түшүндүрдү.

Жакында эле депутат Кокулов менен «Кадастрдагы» күзөт кызматкеринин ортосунда чыр чыккан. Анда күбөлөр Кокуловдун кызматкерге көтөрүңкү үн менен кайрылып жатканын видего тартып алышкан. Кызматкер анын мындай жүрүм-турумуна нааразы болгон.

Кийинчерээк депутат бул боюнча түшүндүрмө берип, мекемеге жөнөкөй жаран катары барганын айткан. Ал күзөт кызматкери орой мамиле кылып, түрткүлөдү деп белгилеген.

Буга чейин, 12-мартка караган түнү депутат Жаныбек Абиров менен 7-8 адамдан турган топ Бишкектеги «Алтын Ажыдаар» ресторанында ыкчам чара көрүү тобунун эки кызматкерин «негизсиз эле» сабап кетишкен.

Мушташтын жыйынтыгында жабыркагандардын бири катуу жаракат алып ооруканага түшкөн. Жабырлануучунун баш-мээси чайкалып, көзү жабыркап, мурду сынган.

15-мартта Жогорку Кеңеште Абировду жоопко тартууга уруксат берүү маселесин караган комиссия түзүлгөн. Кийинчерээк, жабырлануучу тосмо арыз жазып, бардык дооматтарынан баш тартканы кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Парламент депутаттары мушташкан кесиптеши Абировду кантип коргошту?

Депутат катышкан мушташ: Жогорку Кеңеште Абировдун иши боюнча комиссия түзүлдү