Парламент депутаттары мушташкан кесиптеши Абировду кантип коргошту?

12-мартта соцтүйүндөрдө Бишкектеги ресторандардын биринин байкоочу камераларына Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан массалык мушташ түшүп калган. Башкы прокуратура эл өкүлүн жоопкерчиликке тартуу боюнча парламенттен макулдук сураган. Бирок Абировдун айрым кесиптештери мындан жаман деле нерсени көрбөгөнүн айтып жатышат.

«Эркекмин дегендин баары эле мушташып жүргөн», — деп эсептейт Абировду жоопкерчиликке тартууну чече турган атайын комиссиянын мүчөсү, депутат Жусупбек Коргонбай уулу.

«Жаныбек Абиров өзүмдүн коллегам, Бишкек шаардык кеңеште да кесиптеш болуп отурганбыз. Эми кимдин гана башына түшпөйт. Эркекмин дегендин баары эле мушташып-чекишип эле жүргөн. Коомчулукка чыгышына камера тоскоолдук кылып калды окшойт. Бирок жабырлануучу да батыраак калыбына келип, анын да ишине ийгилик каалайм. Мен бүгүн уктум, ал тосмо арыз берип Абиров менен жарашыптыр», — деди Коргонбай уулу.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү, депутат Фархад Алимжанов кыргызстандыктардан Абировду кечирүүнү суранып, «жаш, келечеги бар саясатчы бир катасынын айынан» сынып калбасын деп айтты.

«Ыйык Рамазан айынын алдында, барыбыз бири-бирибизди кечиргенибиз акылга сыярлык болот деп ойлойм. Баарыбыз адамбыз жана баарыбыз ката кетиришибиз мүмкүн», — деп жазды Алимжанов.

Абировдун катасы тууралуу депутат Тазабек Икрамов да айтты. «Абиров кылганына өзү да өкүнүп жатат […] Эми жаштык да. Ким гана адашпайт. Адам менен адам түртүшүп, урушуп кетет дегендей эле нерсе да. Бул жерде Абировду алып барып камап, тергөө кылыштын кажетин деле көргөн жокмун. Бирок баары бир тергөөнүн жыйынтыгын күтүш керек», — деп айтты Икрамов.

Депутат жана мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Абировдун мындай жүрүм-турумуна себептери болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Мен дагы эркекмин жана мындай нерсе кандай болуп кетерин жакшы билем, бирок Абировду карап мындайга барат деп айтмак эмесин», — деди Сатыбалдиев.

Депутат Эмил Токтошев Абировду ушуга жеткирген же ага кол салуу болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Бул туура эмес жана этикага жатпайт, бирок муну Абировдун өзүнөн да сураш керек. Балким буга өздөрү жеткиришти, балким кол салуу болду. Бизде мыйзамда өзүн коргоо деген да бар», — деп айтты Токтошев.

Депутат катышкан мушташ

Милициянын маалыматы боюнча, 12-март түнү «Алтын Ажыдаар» ресторанында 7-8 адамдан турган топ, анын ичинде Жаныбек Абиров ыкчам чара көрүү тобунун эки кызматкерин «негизсиз эле» сабап кетишкен.

Мушташтын жыйынтыгында жабыркагандардын бири катуу жаракат алып ооруканага түшкөн. Жабырлануучунун баш-мээси чайкалып, көзү жабыркап, мурду сынган.

Депутаттын мындай аракетин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сындап, «бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт» деп билдирген. Ошондой эле ал Абиров катышкан мушташ боюнча өлкө башчысы кабардар экенин айткан.

Ал эми мушташтан эки күн өткөн соң, 14-март күнү депутат кыргызстандыктардан кечирим сурап Фейсбукка пост жазып кайрылган.

«Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын», — деп жазган Абиров.

Бирок кийинчерээк, жабырлануучу тосмо арыз жазып, бардык дооматтарынан баш тартканы белгилүү болгон.