Депутат катышкан мушташ: Жогорку Кеңеште Абировдун иши боюнча комиссия түзүлдү

15-мартта Жогорку Кеңеште Бишкектеги ресторандардын биринде жаранды сабады делген депутат Жаныбек Абировдун иши боюнча комиссия түзүлдү. Анда депутатты кылмыш жообуна тартууга уруксат берүү же бербөө маселеси каралат.

Комиссиянын курамына Дастан Бекешев, Замирбек Мамасадыков, Айгүл Айдарова, Бахридин Шабазов, Замирбек Мамасадыков, Медербек Саккараев, Жусупбек Коргонбай уулу, Фархад Алимжанов, Мурадил Сыдыков жана Бактыбек Чойбеков кирди.

Абировду жоопко тартууга урксат берүү боюнча депутаттык комиссиянын чечими 10-30 күн ичинде чыгарылат. Андан соң маселе парламенттин жалпы жыйынында каралып, добуш берүүгө коюлат.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Жаныбек Абировду кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган. Абиров депутаттык кол тийбестикке ээ жана аны жоопко тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек.

Башкы прокурордун орун басары Үмүт Конкобаева Абировго байланыштуу иш өзүнчө өндүрүшкө алынганын кабарлады. Анын айтымында, кылмыш иши боюнча 6-7 адам шектелип, экөөсү кармалды.

Ал арада айрым басылмалар өздүк булактарына таянып депутат катышкан мушташта жабыр тарткан киши тосмо арыз берип, дооматынан баш тартканын жазып чыгышты. Бишкек шаардык милициясынан бул маалымат такталып жатканын билдиришти.

Ал эми АКИpress басылмасы мушташтын жаңы жагдайлары тууралуу жазды. Анда Абиров жабырлануучу эсин жоготуп койгонуна карабай сабап, чачынан сүйрөгөнү айтылат. Анын кесепетинен жабырлануучунун баш-мээси чайкалып, көзү жабыркап, мурду сынган.

Депутат катышкан мушташ

12-мартта соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видеосу тарап, анда белгисиз адамды сабап жаткан киши депутат Жаныбек Абировго окшош экенин айтылган.

Октябрь райондук милициясы 12-март түнкү саат 03:30 чамасында белгисиз адам Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузуп, жарандын денесине залал келтиргенин билдирген.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаты аралашкан мушташ боюнча өлкө башчысы кабардар экенин, ал ишти ар тараптуу иликтөөнү тапшырганын айткан.

14-мартта Бишкек шаардык милициясынан «Клоопко» депутат Абиров катышканы айтылган мушташууга шектүү катары эки киши кармалганын билдиришкен.

Ал эми Kaktus.Media басылмасы күч структурасынын кызматкерлерине таянып, алар Жогорку соттун мурдагы төрайымы Жаңыл Алиеванын уулу Данияр Аксамаев жана буга чейин Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген, Жогорку Кеңешке шайлоодогу Абировдун расмий өкүлү Эрбол Пазылов экенин жазган болчу.

Ал эми мушташтан эки күн өткөн соң, 14-март күнү депутат кыргызстандыктардан кечирим сурап Фейсбукка пост жазып кайрылган.

«Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын», — деп жазган Абиров.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чоң күнөө мойнумда». Депутат Абиров мушташканы үчүн кечирим сурады