УКМКдан Башкы прокуратура менен болгон тирешүү тууралуу имишти төгүндөштү

УКМКдан атайын кызмат менен Башкы прокуратуранын ортосунда эч кандай тирешүү жок экенин белгилешти. Мындай билдирүү Бажы кызматкерлери жана бир нече ишкер Кытайдан аткез жол менен товар ташууга шектелип кармалгандан кийин жасалды.

Атайын кызматтан акыркы күндөрү соцтармактарда «Башкы прокуратура менен УКМКнын тиреши» тууралуу «ишенимсиз маалыматтар» тарап жатканын айтып, «эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эмес» деп белгилешти.

Буга чейин анонимдүү телеграм-каналдарда аткезчиликке шектелип кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жакындары — тагыраагы, жубайынын иниси — бар экени тууралуу маалымат жарыяланган. Анда Зулушевдин жакындары камакка алынган тууганын «бар күчү менен» чыгарып алууга аракет кылып жатышканы жазылган.

УКМК алты бажы кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү 16-17-мартта аткез жол менен товар ташууга шектелип кармалганын, анын кесепетинен мамлекетке 1 миллиард сомго чукул зыян келтирилгенин маалымдаган.

Атайын кызматтан кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар экенин белгилешкен. Бирок алар жогорку кызматтагы кайсыл кишинин жакындары экенин ачыкташкан эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында Башкы прокуратура УКМКнын тергөөчүсүн пара алып жатканда кармаган.

Ошол эле күнү айрым басылмалар жеке булактарына таянып, ИИМдин атайын аскерлеринен турган 20 чакты аскер УКМКнын Оштогу бөлүмүнө бастырып киргенин жазышкан. Анда ИИМ жана УКМК кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкканы кабарланган.

Эртеси күнү УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул боюнча түшүндүрмө берип, «келишпестик жок деп» билдирген. Ал пара алган тергөөчүнү атайын операциянын негизинде күч түзүмдөрү биргелешип кармаганын кошумчалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«1 млрд сом зыян». Аткез жол менен товар ташууга шектелип алты бажычы жана үч ишкер кармалды

«Келишпестик жок». Ташиев УКМКнын тергөөчүсүн күч түзүмдөрү биргелешип кармаганын айтты

Башкы прокуратура: УКМКнын тергөөчүсү ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды