«1 млрд сом зыян». Аткез жол менен товар ташууга шектелип алты бажычы жана үч ишкер кармалды

Алты бажы кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү аткез жол менен товар ташууга шектелип кармалды. Анын кесепетинен мамлекет 1 миллиард сомго чукул зыян тарткан. Бул тууралуу 18-мартта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр жеке компаниялар менен бирге Кытайдан эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташуу боюнча көптөн бери эле туруктуу канал уюштуруп алышканы аныкталды.

«Айрым компаниялар бажы кызматкерлеринин колдоосу менен Кыргызстан аркылуу Кытайдан Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан», — дешти атайын кызматтан.

16-17-мартта кармалган шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызматтан алардын арасында «жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар» экенин белгилешти.

Ал эми анонимдүү телеграм-каналдарда кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жакындары бар экенин тууралуу маалымат жарыяланды. Бирок УКМКдан шектүүлөр жогорку кызматтагы кайсыл кишинин жакындары экенин ачыкташкан жок.

Үстүбүздөгү жылдын 15-январында Бажы кызматы коррупцияны толугу менен жойгонун жарыялаган. Анда 2022-жылы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча коюлган план 100,8% аткарылганы же 74,3 миллиард сом чогулганы айтылган.

Бажыдагы коррупция

Бажы кызматы өлкөдөгү эң эле коррупциялашкан мамлекеттик органдардын бири болуп эсептелет. Эң эле чуулгандуу коррупциялык жаңжал OCCRP, «Азаттык» жана «Клооптун» иликтөөлөрүнүн башкы фигуранты, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон.

Журналисттер Матраимов бажыда иштен 10 жыл ичинде Кытайдан кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен коррупциялык схема түзгөнүн аныкташкан.

Матраимов Абдукардын үй-бүлөлүк кланына Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө жүктөрдү мыйзамсыз ташыганга жардам берип, ал ортодо үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садагаларды» алып жүргөнү аныкталган. Журналисттер ушундай жол менен Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалар аркылуу так кесе канча акча тапканы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Бирок экс-бажычынын үй-бүлөсү дароо эле байып кеткени айдан ачык — мисалы, журналисттер Матраимовдун Кыргызстандагы жана анын сыртындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрүн таба алышкан. АКШда Матраимов жана анын аялы санкциялык «Магнитский тизмесине» киргизилген.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары коррупцияга аралашканын мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 миллиард сом төлөгөн.

Ал эми жакында эле кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр президент Садыр Жапаров менен Бишкектеги көп тармактуу комплекстин жана ири мечиттин курулуштарына капсула салганы барган. Курула турган эки ири долбоорго тең Абдукадырдын тиешеси бар экени аныкталган.

Жапаров бул боюнча түшүндүрмө берип, баш-аягы «1,5 миллиард доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман?» деп белгилеген.

«Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Абдукадыр — демөөрчүлөрдүн бири». Президент Матраимовдун бизнес-өнөктөшү тууралуу үн катты