Кыргызстандык киберспортчу Жамиля CS:GO боюнча дүйнөнүн эң мыкты командасына кирди

Кыргызстандык киберспортчу Жамиля Алагозова (Jammie) CS:GO оюну боюнча дүйнөнүн эң мыкты Team Spirit командасына кирди.

Команданын биринчи курамында Жамилядан тышкары дагы төрт кыз бар — алар Бельгия, Чехия жана Украинадан.

Азыр алар Сербиядагы окуу лагеринде бири-бири менен таанышып, чогуу машыгышып жатышат. Бул сезондо алар ESL Impact турнирине катышат.

Team Spirit’тин азыркы курамы алгачкы беттешин 24-мартта өткөрүп, Португалиянын BIG EQUIPA командасы менен беттешет.

«Бул нерсеге көптөн бери умтулуп келгем, кээде артка кадам таштап, киберспорттон таптакыр баш тарткым келчү. Бирок мен бул жердемин, андай болот деп эч качан ойлобосом керек эле. Жами багынба, сенин колуңдан баары келет», — деп жазды Жамиля.

Team Spirit уюмунун жетекчиси — Никита Чукалин, ал CS:GO боюнча айымдар командасын түзүү идеясын көп жыл бою ойлонуштурганын айтты.

«Аялдардын киберспорту ушунчалык тез өнүгүп келе жаткан тармак болгондуктан, аны кийинкиге калтыруу мүмкүн болбой калды. Биз бул тармакты көптөн бери байкап келе жатабыз жана көптөгөн командаларды карап чыктык, акыры ушул курам учурда жакшы деңгээлге жете алат жана Team Spirit’тин бир бөлүгү боло алат деген чечимге келдик», — деди ал.

Team Spirit — 2015-жылы негизделген киберспорт боюнча эл аралык уюм. Алардын командалары CS:GO, Dota 2 жана Hearthstone сыяктуу оюндар боюнча таймашышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Киберспортчу Бакыт Эмилжанов «Кыргызстандын спорт чебери» наамын алды

Кыргыз киберспортчусу Dota 2 боюнча дүйнөлүк турнирде экинчи орунду ээледи