Ош: Укук коргоочу 3 жашар наристени туугандары «өлтүрүп койгон болушу ыктымал» деп билдирди

Иллюстративдик сүрөт

20-мартта укук коргоочу Назгүл Турдубекова Ош облусуна караштуу Жапалак айылында 3 жашар баланын өлүмү тууралуу жакындары милицияга кабар бербей, эки сааттан кийин көмүп койгонун айтып чыкты. Ош ШИИБи бул боюнча териштирүүнү баштады.

Турдубекова бала 19-март күнү апасынын туугандарынын үйүндө көз жумганын, анын жакындары «кудукка түшүп кетти» деп жатышканын билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, баланын туугандары окуя тууралуу милицияга кабарлабай, тез жардам менен ооруканага алып барышкан. Бирок «дарыгерлер эмнегедир окуяны каттоого албай, милицияга да кабар беришкен эмес» дейт.

«Баланы эки сааттан кийин жерге берип коюшкан. Бирок баланын тайакеси мас абалында баланын Москвадагы атасына чалып, уулун өлтүрүп койгонун, ага эч нерсе кыла албастыгын айткан. Учурда жакындары баланы “кыйнап эмне кереги бар?” деген жүйөө менен эксгумацияга бербей жатышат… Эмне үчүн туугандары дагы, дарыгерлер дагы милицияга дароо кабарлашкан эмес деген суроо туулат. Баланы өлтүрүп коюшкан болушу мүмкүн», — деп билдирди укук коргоочу.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» аталган окуя милициянын журналына катталып, териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин билдиришти.