Баткенде каза тапкан чек арачынын жакындары үй берилбей жатканын айтышууда

Өткөн жылдын сентябрында Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза тапкан чек арачы Бектур Ыслам уулунун жакындары аларга убадаланган үйдүн маселеси чечилбей жатканын айтышууда. Бул тууралуу 22-мартта «Сереп Медиа» маалымат агенттиги жазды.

Ыслам уулунун артында үч баласы калган — кенжеси ушул жылдын башында төрөлгөн. Маркумдун үй-бүлөсү аларга алгач Бишкек шаарынан үй берилгенин, бирок анын абалы «өтө начар болгонун» айтышат.

«Анын үстүнө Бишкек алыс болуп калат. Балдар да кичинекей, каралашканга адам жок. Апасы 2-топтогу майып. Бишкектеги үйдөн баш тартып, Оштон бергиле деп суранганбыз. Оштон 15-ноябрга чейин беребиз деп убадалашкан, бирок дагы эле жок», — дешти алар.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматынан «Клоопко» маселеден кабардар экенин билдиришти. Алар демөөрчүлөр чек арачынын үй-бүлөсүнө алгач Бишкек шаарынан үй алып беришкенин, бирок туугандары турак жайды Ош шаарынан сураганын тастыкташты.

Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан учурда үйдү алмаштыруу боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалашты.

Буга чейин куралдуу жаңжалда курман болгон чек арачы Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиева кайрылуу жасап, мамлекет тарабынан берилген батир маселесин чечип берүүнү суранган. Ал үйү кайын энесине катталып, өзү үч баласы менен аскердик бөлүктө күн кечирүүгө мажбур болуп жатканын айткан.

Анда кайын энеси үйдүн ага катталганын «мыйзамдуу» деп эсептээрин, аны Ниязовдун биринчи никесиндеги уулуна өткөрүп берерин билдирген. Ал эми Чек ара кызматынан алардын үй-бүлөлүк маселесине аралаша албасын айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Балдары менен аскердик бөлүктө күн кечирип жаткан маркум чек арачынын жубайы бийликке кайрылды