Минкаб көлөмү 500 килограммдан ашкан баалуу металлды өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салды

Министрлер кабинети көлөмү 500 килограммдан ашкан баалуу металлдарды жана курамында баалуу металл бар чийки заттарды өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу 22-мартта минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чечим атамекендик зергерчиликти коргоо жана өнүктүрүү үчүн кабыл алынган. Чечим расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Чектөө алты айлык мөөнөткө киргизилди.

Кыргызстанда баалуу металлдардын, анын ичинде алтындын башка өлкөлөргө сатылышы боюнча бир нече жолу чуу көтөрүлгөн. Алардын бири — бийлик «коопсуздук үчүн» деп 19 тонна кыргыз алтыны кайда сатылганын жашырганы болгон.

Анткен менен журналисттер алтын Швейцарияга сатылганын аныкташкан. Парламенттеги бир катар депутаттар алтындын сатылышын жана өлкөнүн башкы алтын өндүрүүчү ишканасы «Кумтөрдүн» ишин текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү талап кылышкан.

Ал эми Садыр Жапаров депутаттык комиссия тууралуу комментарий берип жатып, «Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат» деп билдирген.

28-февралда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банкта 46,7 тонна алтын бар экенин айткан.