Өзгөн: Карл-Маркс айылында жер көчкүдөн улам өзгөчө кырдаал киргизилип, тургундар эвакуацияланды

Өзгөн районунун Карл-Маркс айылында 1 млн кубометрге жакын көлөмдөгү жер көчкү түшүп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу 22-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жер көчкү тургундардын үйүнө 300 метрдей жетпей калган. Учурда ал жылып отуруп 120 метр аралык калды.

Мындан улам 18 турак үйгө коркунуч жаралып, тургундар эвакуацияланып жатат.

Аталган аймактагы жер көчкү түшүү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. ӨКМдин кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти 2022-жылдын сентябрында корутунду чыгарып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керектигин эскерткен.