Украиналык ыктыярчы кыздардын жеңишти жакындатууга жасаган аракети

Орусия Украинанын аймагына толук масштабдуу кол салгандан бери дээрлик бир жыл өттү. Орус аскерлерин украиналыктар «гүл менен тосуп алат» деген Кремлдин планына карабай, ири согуш тескерсинче өлкөнүн көптөгөн жарандарынын башын бириктирип, алар жеңишти жакындатуу үчүн жан үрөп жардам берип жатышат.

Бүтүндөй өлкө бастырып кирген душман менен салгылашып жаткан чакта, аскерлерге жана жай тургундарга жардам колун сунган украиналык ыктыярчылар тууралуу айтып беребиз. 2022-жылдын аягында Украинага барган «Клооптун» журналисттери ыктыярчы айымдарды кепке тарткан.