«Мас абалда унаа айдаган». Ысык-Көл облусунун судьясы өз ыктыяры менен кызматын тапшырды

Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүдө Барынбаев 24-мартта жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков айрым судьялардын иши боюнча ыкчам кеңешме өткөргөндө арыз бергени айтылат.

«Судья сот бийлигинин беделине көлөкө түшүргөн аракеттерге барганын моюнга алды», — деп белгилешти Жогорку соттон.

Буга чейин Kaktus.media басылмасы Ысык-Көл облусунун Кайгуул милициясына таянып, Барынбаев Каракол шаарында мас абалда унаа айдаганы үчүн кармалганын жазган.

Милиция кызматкерлери судьяны ооруканага алып барганда дарыгерлер анын канында спирт бар экенин аныкташкан. Андан соң кызматкерлер судьяга карата протокол түзүшкөн.

Жеңишбек Барынбаев Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы болуп өткөн жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин ал Ош шаардык сотунда иштеген.