100 кг героин. Кыргызстан аркылуу ири өлчөмдө героин ташыган баңги тобунун ишине бөгөт коюлду

Кыргызстан менен Казакстандын атайын кызматы Алматы шаарында жалпы суммасы дээрлик 1,2 млн долларлык 100 килограммдан ашык героин баңзизатын ташыган жана сактаган Тажикстандын жаранын кармады. Бул тууралуу кыргыз ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстан аркылуу афган тектүү баңгизаттардын ири партияларын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюлган.

Кармалган К.О.А. аттуу тажик жараны банги каналынын уюштуруучусу болуп эсептелет. Ал баңги каналды Кыргызстандын аймагында дагы уюштурган. Эки өлкөнүн атайын кызматы баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо жана издөө ишин улантууда.

ИИМ конфискацияланган героиндин баасы «кара базарда» болжолдуу 1,2 млн долларды түзөрүн кошумчалады.