Депутат Ташиев базарда өзбек товары көп болуп кетти деген Ноокендин тургунун «бузуку» деп атады

Депутат Шайырбек Ташиев Кыргызстандын базарларында өзбек товарларынын көптүгүнө нааразы болгон Ноокендин тургунунун «бузуку» деп атады.

Депутаттардын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жашоочулары менен жолугушуусунда тургун жергиликтүү базарлар өзбек товарларына толуп калганын айтып нааразы болгон.

«Быйыл Өзбекстандын жарандарына жалпы жарандык паспортту жок кылып, ID-карта менен кирип чыкканга уруксат берип койдуңар. [Азыр] базар өзбек товарларына толуп калды. Кайдагы өндүрүштү колдойсуңар? Каяктагы ишкерлик? Каяктагы кооз сөздөр?» — деп суроо узаткан тургун.

Тургунга Ташиев мындай билдирүүлөр мээнет менен түзүлгөн эки мамлекеттин ортосундагы мамилени бузуп жатат деп жооп берген.

«Эки мамлекеттин ортосунда сизге окшогон бузукулар азырак болуш керек. [...] [Өзбекстандын] товары толуп кетти деп жатасыз. Сиз анда арзаныраак мөмө-жемиш өндүрүңүз. Конкуренцияга кимдики чыдаса, ошол сата берсин. Сиз редиска, помидорду алардан арзаныраак өндүрүп, сатыңыз анда», — деген Ташиев жолугуушууда.