Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова пневмонияга чалдыкты. Бул тууралуу 27-мартта укук коргоочу Эркина Убышева билдирди.
«Клара Сооронкулова операциядан кийин ТИЗОдо болбошу керек деп эскерткенбиз. Эми иммунитети начар болуп турганда ТИЗОнун санбөлүмүнүн дарыгерлери аныкташкандай анын пневмониясы пайда болду. Кыйнаганды токтоткула!!! Тез арада ооруканага жаткызгыла!» — деп жазды Убышева.
Буга чейин акыйкатчы Атыр Абдрахматова дагы Сооронкулова реабилитацияга муктаждыгын айткан. Ал мамлекеттик органдарды Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулованын саламаттыгына көңүл буруп, тийиштүү чараларды көрүүгө чакырган.
«Сооронкулова операция болгонуна карабай аны абакта кармап жатышканына нааразы болду. Жолугушууда операциядан кийин анын кайтарууда турганы кыйынчылык жаратканы, ошондуктан реабилитация мезгилине муктаж болуп жатканы белгилүү болду», — деп айтылган Абдрахматованын билдирүүсүндө.
Анткен менен укук коргоочуларды бир гана Сооронкулованын абалы тынчсыздантып жаткан жок. Алар 27-мартта Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган башка фигуранттардын дагы кайрылуусун таратышкан. Кармалгандар акыйкатчыдан жана Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунан аларга көз карандысыз врачтардан турган комиссия түзүп берүүнү өтүнүшкөн.
«Гүлнара Журабаева, Таалайбек Мадеминов, Чыңгыз Капаров жана Илгиз Шаменовго врачтардын көрсөтмөлөрүнө карабастан ооруканага чыгууга уруксат берилбей атат. Ал эми оор операциядан кийин Мамбетжунус Абылов менен Клара Сооронкулова реабилитация болбостон, эч кандай шарты жок түрмөгө кайтарылды. Биз мунун баары бийликтин көрсөтмөсү менен жасалып атат деп эсептейбиз», — деп айтылат билдирүүдө.
Кемпир-Абад иши
Күч 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.
Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.
Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.
Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткени менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде төрт айдан бери ТИЗОдо отурат.
2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул мындай чечим негизсиз деген адвокаттардын нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөр жарым-жартылай алынып салынды.