Акыйкатчы: Операциядан кийин абакка кайтарылган Сооронкулова реабилитацияга муктаж

24-мартта акыйкатчы Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулованын саламаттыгына көңүл бурууга чакырды. Учурда Сооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча ТИЗО-1де кармалып турат.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтунда иштеген кызматкерлер абакка барып, жакында эле операция болгон Сооронкулова менен жолугушту.

«Сооронкулова операция болгонуна карабай аны абакта кармап жатышканына нааразы болду. Жолугушууда операциядан кийин анын кайтарууда турганы кыйынчылык жаратканы, ошондуктан реаблитация мезгилине муктаж болуп жатканы белгилүү болду», — дешти институттан.

Сооронкулова 20-февралда дарылануу жана операция жасатуу үчүн ооруканага жаткырылган. Операция жасалгандан кийин, 14-мартта аны дарыгердин тыюу салганына карабай кайрадан абакка киргизишкен.

Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Сооронкулова 20-апрелге чейин камакта калат. Кемпир-Абад ишинен тышкары ага фейсбукта Мирлан Ураимовдуку делген постту бөлүшкөнү үчүн дагы бир айып тагылган.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагууда.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир нече жолу нааразылык акцияларына чыгышкан.

Кийинчерээк абактагы 19 активист ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык жарыялагандан кийин көпчүлүгүнүн ден соолугу начарлап, айрымдары аларды ооруканага которууну талап кылышкан. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде төрт айдан бери ТИЗОдо отурат.

Январда ИИМ Кемпир-Абад ишин толугу менен жашыруун кылган, ал эми марттын ортосунда Бишкек шаардык соту жашыруун деген макамды жарым-жартылай алып салган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Анда Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөрүлүп берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Клара Сооронкулова операциядан кийин дарыгерлердин тыюусуна карабай ТИЗОго кайтарылды