Бир кадр менен: Бишкекте таштандыны жер алдында сактоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкектин Биринчи май районунда таштандыны жер алдында сактоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди.

Бункер тибиндеги алгачкы таштанды үкөктөрү Раззаков көчөсүнүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрү менен кесилген бөлүгүндө, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин маңдайында орнотулду.

Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев жаңы технология тазалыкты жана тартипти камсыздарын, таштанды үкөктөрүнүн жанында бузулуп кеткен тамак-аштын жыты чыкпасын, ошондой эле жолбун иттер чогулбай каларын айтты.

«Шаар боюнча төрт жерде 20дай контейнер орнотулуп жатат. Ал 10 механизмди камтыйт. Ар бир механизмде экиден контейнер болот. Долбоордун жалпы суммасы — 7 млн сом. Долбоор түрк (“Интернэшнл Консалтинг Агенттиги”) өнөктөштөр менен ишке ашырылып жатат», — дейт вице-мэр.

AKIpress басылмасы контейнерлерди кол менен да, атайын баскычы менен да ачса болорун жазды. Капкагы өзү жабылат, жыт чыкпашы үчүн кырларына атайын резина чапталган.