«Ишти оптималдаштыруу». Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду агенттик болуп кайра түзүлөт

Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт деп айтылат президент Садыр Жапаровдун жарлыгында.

Жарлыкта бул мамлекеттик органдын ишин оптималдаштырууга жана анын функцияларын күчөтүүгө багытталганы айтылат. Мекеме ушуну менен 30 жыл иштеген мезгилинде сегизинчи жолу реформаланып, уюштуруу формасы өзгөртүлүп жатат. Бул жылдар аралыгында мамлекеттик орган мамкомитет да болуп бир нече ирет аты өзгөртүлгөн, ошондой эле министрлик да, фонд да болгон.

Бийлик бул реформасы менен башкаруу органдарына кадрларды тандоо жана көрсөтүү системасынын ачык-айкындыгын жогорулатууну, мотивация жана жоопкерчилик системасын күчөтүүнү жана «көз карандысыз директорлор» институту тажрыйбасын киргизүүнү каалайт.

Учурда Мамлекеттик мүлкү башкаруу фонду мамлекеттин атынан 42 чарбалык коомдо акционер болуп келет жана 88 мамлекеттик ишкананы башкарат. Фонд отчётторду, бюджеттерди жана мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынын өлчөмдөрүн бекитүү ыйгарым укугуна ээ.

Мындан тышкары, Жапаровдун жарлыгында ведомство мамлекеттик имараттарда ижарага берүү үчүн кошумча бош аянт жана жайларды табышы керектиги айтылган.

«Бар болгон коррупциялык тобокелдиктерди жана ижарадан түшүүлөр республикалык бюджетке 100% которуларына жана ижарага бош аянттарды берүүгө мамлекеттик мекемелер кызыкдар эмес экендигин эске алсак, алдыда турган жумуш бир кыйла күчтөрдү жана ресурстарды талап кылаары бышык», — деп айтылат документте.